Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 12.10.2019 13:34

Мектеп директору Б.Капарбек уулу күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун «Тайлак баатыр» балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Билимбек Капарбек уулу ардагерлер арасында өткөн күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Дүйнөлүк чемпионат Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жатат.

Спорттун эл аралык чебери, машыктыруучу Билимбек Капарбек уулу 40-44 жаш курактагылар арасында 78 килограмм салмактагы балбандар менен күч сынашты. Алгач украиналык балбан Андрей Галканы 11:0 эсебинде жеңип, жарым финалдагы күч сынашууда грузиялык Вахтанг Нариашвилини 10:0 эсебинде утуп алды. Финалда ирандык Давуд Гафар Голипур менен кармашып, ага 11:1 эсебинде жеңилүүгө дуушар болуп, жыйынтыгында күмүш медалдын ээси болгон.

Б.Капарбек уулунун кызы Билимбек кызы Калмира Болгарияда өткөн мелдеште Кыргызстандын намысын коргоп, 53 кг салмакка чейинки балбандар арасындагы мелдеште 2-орунду ээлеп, күмүш медалды багынткан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×