Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 11.10.2019 16:17

Эгиздер: К.Абасканова эгиз кыздуу болорун укканда ыйлап жиберген (сүрөт)

Turmush -  Сокулук районунун Селекция айылынын 27 жаштагы тургуну Кундуз Абасканова 5 жаштагы Алия жана Аделя аттуу эгиз кыздары тууралуу айтып берди. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 21 жашында турмушка чыккан.

«Алия менен Аделя менин тун эгиз кыздарым. Кош бойлуу кезимде биринчи жолу УЗИге барганда эгиз экенин угуп, сүйүнгөнүмөн ыйлап жибергем. Ал кубанычтуу учурду сөз менен жеткире албайм. Экөөнүн ортосу 5 мүнөт. Эгиздер жаңы төрөлгөндө аларды багуу оңойго турган жок. Башында бир аз кыйналдым. Апам, жолдошум, өзүмдүн апам жардам беришти. Чоң үй-бүлө болгондуктан чогу бактык. Экөөнүн мүнөзү эки башка, улуусу көп сүйлөбөйт, уялчаак. Кичүүсү эрке. Бири атасына экинчиси мага окшош.

Туугандарыбыз жакшы айырмалай алышпайт. Экөө аябай ынтмактуу, сырдашып, бири-бирине болушуп турушат. Экөөнүн урушуп, жарашканы дагы бат», - деди ал.

Кундуз Абасканованын эгиз кыздарынан кийин бир уулдуу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×