Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 11.10.2019 15:55

Ошто ишкердикти колго алган айымдарга өнөр жай жабдыктары тапшырылды

Turmush -  Ош шаарында ишкердикти колго алган айымдарга өнөр жай жабдыктары берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

8-октябрь күнү Ош шаарында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында иш баштаган айымдардын тобунакичи цех ачуу үчүн 15 өнөр жай жабдыктары берилди. Дүйнөлүк уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Кейко Изушинин айтымында, техникалар элетте бизнести өнүктүрүүгө жана аймактардагы азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга жардам берет. Ошондой эле жабдыктар айымдарга тигүү цехин, наабайкана, тоок чарба, жер жемиштерди кургатуучу жана даяр азыктарды өндүрүүчу цех ачууга көмөктөшөт. Ишканалар өз кезегинде элет жергесиндеги айымдарга туруктуу киреше булагын камсыздап берет.

«Жабдыктарды алган айымдар өздөрү сунуштаган бизнес-пландын жана сынактын негизинде тандалып алынган. Аларды тандап алуудагы негизги критерийлер: аялдар үчүн жумушчу орундарын түзүү, коомчулукту колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу, өнүктүрүү болгон.

Ушул сыяктуу пилоттук долбоорлор Чүй, Нарын, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын 87 айылында ишке ашырылат. 2014-жылдан бери 3 миң 400 айымга колдоо көрсөтүлдү. Бул убакыттын ичинде катышуучулар 146 бизнес долбоорун ишке ашырып, заманбап айыл чарба технологиялары, бизнес жана маркетинг, лидерлик, ошондой эле туура тамактануу боюнча окуудан өткөрүлгөн», - деди Кейко Изуши.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×