Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 11.10.2019 10:46 На русском

Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнө жаңы жетекчи келди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болуп Эгемберди Ахмедов дайындалды. Тиешелүү буйрукка эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров кол койгон.

Эгемберди Ахмедов буга чейин Араван райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүн жетектеп келген. Ал эми Кара-Суу райондук бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Куттубек Абдуллаев Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Учурда Араван райондук бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×