Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 11.10.2019 10:37 На русском

Куттубек Абдуллаев Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси болду

Куттубек Абдуллаев
Куттубек Абдуллаев

Turmush -  Куттубек Абдуллаев Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Тиешелүү буйрукка эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров кол койгон.

Абдуллаев Куттубек Абдибакыевич буга чейин Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгын жетектеп келген.

Ал эми Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгын буга чейин жетектеген Дина Анарбаева Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү борборунун башчысы болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×