Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 10.10.2019 11:40

Көк бөрүчү Манас Ниязов уулдуу болду

Turmush -  Көк бөрү боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын жана Ош облусунун «Достук» командасынын оюнчусу Манас Ниязов тун уулдуу болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга көк бөрүчү өзү билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ 9-октябрь күнү Манас Ниязовдун жубайы Өзгөн райондук төрөт үйүндө көз жарган.

Манас Ниязов 2018-жылы 12-декабрда Назира Сагынбек кызы менен баш кошкон. Эки жаштын тою Ош шаарындагы тойканалардын биринде өткөн.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×