Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 10.10.2019 08:15

Эльзар Мусаев Нарындагы спорт мектебинин директору болду

Turmush -  Нарын шаарынын балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин директору болуп Мусаев Эльзар Өскөналиевич дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Мусаев Эльзар 1973-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик дене табия жана спорт академиясын аяктаган. 1992-1993-жылдары Нарын облустук балдар-уландар спорт мектебинин футбол бөлүмүндө машыктыруучу, 1993-1994-жылдары Нарын шаарындагы Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштеген. 1994-2013-жылдары кайрадан уландар спорт мектебинде улук машыктыруучу, 2013-2017-жылдары ушул эле мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, 2017-жылы Нарын облустук олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директорунун орун басары кызматтарын аркалаган. 2017-2018-жылдары кайрадан облустук олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин футбол бөлүмүнүн улук машыктыруучусу болгон. 2019-жылдын октябрь айынан баштап Нарын шаарынын балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болуп иштеп жатат.

«Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын мыктысы» жана «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилеринин ээси. «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамын алган. Нарын облустук, Нарын шаардык мамлекеттик администрациясынын, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин ардак грамоталары менен сыйланган. Азиянын футбол конфедерациясынын эл аралык «С», «В» машыктыруучулук лицензияларынын ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×