Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 07.10.2019 15:55 На русском

Мамэкотехинспекциянын Кадамжайдагы башкармалыгына жаңы жетекчи келди

Turmush -  Азизбек Сейдалиев Мамэкотехинспекциянын Кадамжай району, Кызыл-Кыя жана Айдаркен шаарлары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Жолдошбек Жунушев кол койду.

Азизбек Сейдалиев буга чейин өкмөткө караштуу Мамэкотехинспекциянын Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча аймактар аралык башкармалыгынын архитектуралык курулуш жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору болуп иштеп келген.

Ал жаңы кызматта Мурзалим Асыранкуловду алмаштырды. Мурзалим Асыранкулов пенсияга чыккандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан кеткен.

Азизбек Сейдалиев

экотех

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×