Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ош облусуАраван району 07.10.2019 10:32 Жаңыланды: 12.10.2019 09:01 На русском

Айыл турмушу: Багбан А.Мойдинов 7 миңден ашуун анар багын өстүрөт. Видео

Turmush -  Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылынын 47 жаштагы тургуну Авазбек Мойдинов 20 жылдан бери анар өстүрөт. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Багбан үй-бүлөсү менен тоонун боорундагы 15 сотых таштак жерди тосуп, таштарын терип, көчөттөрдүн түбүнө борпоң топурак төктүргөн. Алгач алма, өрүк, шабдалы өстүрүп көргөн, бирок отургузган көчөттөрү жыл сайын куурап калчу. Соңку 7 жылдан бери анар өстүрүп, жылда 2 тоннадан ашык түшүм алып жатат.

«Мындан 20 жыл мурун таштак жерди иштетип, бир нече көчөт тиксем куурап калды. Андан кийин анар отургузуп, азыр жакшы түшүм алып жатам. Анар өстүргөнүмө 7 жыл болсо, 2 жыл көчөттөрдү үшүк алып кетти. Анардын түшүмү башка өсүмдүктөргө караганда эрте жаздагы аба ырайынан көз каранды эмес. Жыл сайын мөмө берет. Анардын багы 45 күн гүлдөп турат жана жазгы жамгырга туруштук берет. Негизи мен Ферганадан алынып келген көчөттөрдү өстүрөм. Анткени анын мөмөсү даамдуу, кабыгы жука болот. Анардын кабыгы калың, анын эрте жазга чейин сакталган түрү бар.

Анарды өстүрүүнүн да сырлары болот. Багын гүлдөгөнгө чейин сугарбай, андан кийин тез-тез сугарып туруу керек. Ошондо анын мөмөсү ширелүү жана даамдуу болот», - дейт Авазбек Мойдинов.

Багбандын 15 сотых жеринде 200дөн ашык көчөт бар. Андан тышкары үйүнүн чарбагында 6-7 миң көчөт анар өстүрөт.

Былтыр жана мурдагы жылы 1 кг анар базарда 100-120 сомго сатылса, быйыл 40-45 сомго сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×