Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 06.10.2019 11:19

Панфиловдо 17 мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин тагынды

Turmush -  5-октябрда Чүй облусунун Панфилов районунда Панфилов орто мектеп-гимназиясынын базасында райондук мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмү маалымдады.

Ага ЖКнын депуттаттары Бактыбек Райымкулов, Орозбек Алыбаев, вице-спикердин жардамчысы Эльмира Турусбекова жана райондун жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, коомдук ишмерлер, райондук билим берүү бөлүмүнүн, соцтүзүмдөрдүн, окуу-тарбиялоо мекемелеринин кызматкерлери, мектеп директорлору, ардагер, жаш мугалимдер жана окуучулар катышты.

Салтанатты райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Ашыкеев ачып, өткөн окуу жылындагы жетишкендиктерге токтолду. Анда, катышуучуларга көрсөтүлгөн видеотаанымдагы жетишкен ийгиликтер билим берүү кызматкерлеринин эмгеги экендигин баса белгиледи. Ал эми депутаттар компьютер тапшыруу менен бирге өздөрүнүн ардак грамоталарын жана баалуу сыйлыктарын беришти. Райондун акими Мелис Раймкулов мугалимдин коомдогу ролу, райондун социалдык-экономикалык, саясий-маданий жактан өнүгүшүндө билим берүү кызматкерлеринин кошкон салымы өзгөчө экендигин айтты.

Сыйлык тапшыруу аземинде 17 мугалим «КРдин билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгисин тагынды. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасына 6 мугалим татыктуу болду. 11 мугалим раймамадминистрациянын ардак грамотасын, 6 мугалим ыраазычылык катын алды. Райондук билим берүү бөлүмү 13 мугалимге ардак грамота ыйгарды. Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошунунун райондук комитети да 1-даражадагы диплом жана баалуу белектер менен ардагерлерди, мектептин техкызматкерлерин жана алдыңкы мугалимдерди сыйлады. Салтанатта мугалимдер арасында өткөрүлгөн спартакиадада жеңишке жетишкен командалар кубок жана баалуу сыйлыктарды алышты. Райондо бир мугалимге «КРнын эмгек сиңирген мугалими» сыйлыгы берилди.

Мугалимдер күнүндө өткөн 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылып, жаңы окуу жылына карата иш-аракеттери өзгөчөлөнгөн окуу-тарбия мекемелери төмөндөгүдөй номинацияларга ээ болушту.

«Жылдын мыкты мектеби-2019» номинациясы:

- Г.Сулайманова атындагы Кайыңды №2 мектеп-гимназиясы.

«Жылдын мыкты бала бакчасы-2019» номинациясы:

- «Алты бакан» бала бакчасы.

«2019-жылдын мыкты директору» номинациясы:

- Назира Нуркалиева, А.Осмонов атындагы орто мектебинин директору.

«Мыкты мугалим-2019» номинациясы:

- Баяз Төлөгөнов, А.Осмонов атындагы орто мектебинин чет тили мугалими.

«Мыкты тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары» номинациясы:

- Г.Сулайманова атындагы Кайыңды №2 мектеп-гимназиясынын директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары.

«Мыкты окуу бөлүмүнүн башчысы» номинациясы:

- Бейшенбай кызы Күлүпа, К.Жумагулов атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы.

«Мыкты усулдук каана» номинациясы:

- К.Жумагулов атындагы орто мектеби.

«Мыкты оңдоо иштери» номинациясы:

- О.Текеев жана К.Жумагулов атындагы орто мектептери.

Аталган окуу-тарбиялоо мекемелери ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан сырткары айыл өкмөттөрү жана коомдук ишмерлер агартуучуларга ыраазычылыгын билдиришип, өз сыйлыктарын беришти. Майрам күн жергиликтүү таланттардын аткаруусундагы музыкалык чыгармалар менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×