Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 04.10.2019 08:00

Майор А.Шаршенбаев Кочкор акимчилигинин экономика, курулуш  боюнча башкы адиси болду

Абдылда Шаршенбаев
Абдылда Шаршенбаев

Turmush -  Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын экономика, финансы жана курулуш боюнча башкы адиси болуп Шаршенбаев Абдылда Изаматович дайындалды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Абдылда Шаршенбаев 1975-жылы Кочкор районунун Теңдик айылында туулган. Билими жогорку. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы академиясын аяктап, юрист кесибине ээ болгон. Милициянын майору.

1996-2019-жылдар аралыгында Нарын облустук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү, ага тергөөчү, тергөө кызматынын башчысынын орун басары, өзгөчө оор кылмыштарды тергөө бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. 2019-жылдын 17-апрелинен баштап Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча секторунун жетектөөчү адиси кызматында иштеген. 2019-жылдын 23-сентябрынан баштап Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын экономика, финансы жана курулуш боюнча башкы адиси болуп дайындалды.

Мурда бул кызматты аткарып келген Сүйөркул Бакиров ардактуу эс алууга чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×