Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 03.10.2019 17:53

Сүрөт: Ошто атайын студенттер үчүн жасалган нандар сатылат

Turmush -  Ош шаарынын 45 жаштагы тургуну Мадина Курсанбаева 9 жылдан бери борбордук базарда нан сатып киреше табат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

М.Курсанбаеванын айтымында, түшкү саат 14:00дөн кечки саат 19:00гө чейин соода кызуу жүрүп, орточо эсеп менен күнүнө 300 даана нан сатканга жетишет.

«Базарда нан алып, кайра саткандар көп. Бул жерде соодагерлердин көпчүлүгү нанды өздөрү жасабайт. Бизге наабайчылар арзан баада сатып кетишет. Биз үстүнө 2-4 сом кошуп сатабыз. Ар бир соодагердин иштешкен наабайчысы бар. Мен да көп жылдан бери бир наабайчы менен иштешем. Анын жасаган нандары өтүмдүү болгондуктан, мен дагы жакшы киреше табам», - деди Мадина Курсанбаева.

Ал шаар тургундарынын көпчүлүгү тандырга бышырылган нанды сатып алышарын кошумчалады. Базарда нандар түрүнө, салмагына жана кооздугуна жараша бааланат.

«Тандыр нан салмагына жана кооздугуна жараша 25 сомдон 40 сомго чейин бааланат. Атайын буйрутма бергендер үчүн андан жогорку баада сатылат. Шаарда студенттер көп болгондуктан, алардын капчыгына жараша нандар жасалып сатылат. Алар башка нандарга караганда көлөмү кичинекей, бирок дың болот. Студенттер жайкы эс алууга тарашканда соода да азаят», - деди М.Курсанбаева.

Ош шаарынын борбордук базарындагы нандын баасы:

Студенттер үчүн жасалган нан — 10-15 сом;

Тандыр нан — 15-20 сом;

Үйдө жасалган нан — 20-25 сом;

Патыр нан — 25-40 сом;

Пияз нан — 20-25 сом;

Май нан — 20 сом;

Эт нан — 30-50 сом.

Салмагы 50 кг болгон 1 мүшөк ундан 200-230 нан, ал эми 40 кг ундан 180-200 даана нан жасалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×