Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Чүй облусуМосква району 03.10.2019 09:56

Москва районунда жаш мугалимдер ант беришти (видео, сүрөт)

Turmush -  2-октябрда Чүй облусунун Москва районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Ага райондун жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн башчылары, райондук билим берүү бөлүмүнүн, окуу-тарбиялоо мекемелеринин кызматкерлери, ардагер жана жаш мугалимдер катышты. Салтанаттын жүрүшүндө жаш мугалимдер ант беришти.

Ар жылы октябрь айынын алгачкы жумасында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип келет. Учурда жер-жерлерде түрдүү иш-чаралар өткөрүлүүдө.

«Районубуздагы миңден ашык мугалимдердин кесиптик майрамын коомчулук менен биргеликте өткөрдүк. Анда Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Сүйүндүков, райадминистрациянын башчысынын орун басары Элина Сердюкова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Насиридин Тезекбаев, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун райондук комитети жана мугалимдер тарабынан куттуктоо сөздөр айтылып, сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды. Тактап айтканда, 15 мугалим "КРдин билим берүүсүнүн мыктысы" төш белгисин тагынды. 17 мугалимге Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы тапшырылды. Ал эми облустук мамадминистрациянын ардак грамотасы 4, ыраазычылык каты 5 мугалимге берилди. Ошондой эле райадминистрация 18 мугалимди ардак грамота жана ардактуу эс алууда жүргөн мурдагы мектеп директорлорун баалуу сыйлыктар менен сыйлады», - деп билдиришти райондук билим берүү бөлүмүнөн.

14 мугалимге билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун райондук комитети өз сый-урматын да көрсөттү. Өткөн 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы жана жаңы 2019-2020-окуу жылына карата даярдыктар боюнча төмөндөгүдөй номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

«Жылдын мыкты мектеби» номинациясы боюнча:

- Баш байге Беловодск мектеп-гимназиясына берилип, диплом жана 5 миң сом тапшырылды;
- 1-орунду алган Бажан жана Арбуду орто мектептерине диплом жана 3 миң сомдон;
- 2-орунду алган Беш-Көрүк жана Сыдыков атындагы орто мектептерине диплом жана 2 миң сомдон;
- 3-орунду алган Т.Арыков атындагы орто мектебине диплом жана 1 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

«Жылдын мыкты бала бакчасы» номинациясы боюнча:

- «Колокольчик» жана Келечек» бала бакчалары диплом жана акчалай сыйлыктарды алышты.

«Жылдын мыкты жатак мектеби» номинациясы боюнча:

- Беловодск атайын көмөкчү жатак-мектебине диплом жана акчалай сыйлык берилди.

«Эң мыкты даярдыктагы окуу-тарбия мекемелери» номинациясы боюнча:

- «Бакыт» бала бакчасы жана Сретенка, Петровка орто мектептери аталып, акчалай сыйлык алышты.

Салтанат соңунда жаңыдан кесиптик ишмердүүлүгүн баштаган 22 жаш мугалим ант беришти. Анда билим берүү тармагында чыгармачылык менен иштөөгө, теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга жана балдар дүйнөсүн сүйүп келгени жөнүндөгү сөздөр жаңырды. Кесиптик майрамда маданият кызматкерлери өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×