Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 02.10.2019 15:20 На русском

Ош шаарынын Жапалак айыл аймактык башкармалыгына жаңы башчы дайындалды

Жаныбек Пазылов
Жаныбек Пазылов

Turmush -  Жаныбек Пазылов Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Тиешелүү буйрукка кечээ, 1-октябрь күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон. Ж.Пазыловду эмгек жамаатка биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев тааныштырды.

Ж.Пазылов 1965-жылы Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын Орке айылында туулган. Ал буга чейин Ош шаардык социалдык фондунда жана Ош шаардык салык башкармалыгында иштеген.

Буга чейин Жапалак айыл аймактык башкармалыгын Санжар Эшманов башкарып келген. Ал өз каалоосу менен кызматынан кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×