Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 29.09.2019 18:24 На русском

Нарын облусунун актёрлору эл аралык фестивалда түркиялык жана азербайжандык кесиптештерин артта калтырышты

Turmush -  Ош шаарында өткөн VII «ART-ORDO» эл аралык фестивалында Нарын драма театрынын эмгек жааматы 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ош шаарында 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин эл аралык театр фестивалы өткөн. Иш-чара эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгына арналган. Фестивалга Түркия, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Азербайжан, Россия жана Кыргызстандын 15тен ашык спектакли көрсөтүлгөн. Калыстар тобунун курамына аталган өлкөлөрдүн бирден өкүлү кирген. Анын жыйынтыгында Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театры 1-орунда ээледи. Нарын драма театры фестивалда Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» драмасын койгон.

«Фестивалда Кыргызстандын онго жакын спектакли коюлду. Жамийланын ролун аткарган Анара Жолдошева аттуу актриса кызыбыз "Мыкты актриса" наамын алды. 120 миң сом акчалай сыйлык берилди. Фестивалга театрдын атынан 35 киши барганбыз», - деди театрдын жетекчиси Темирлан Сманбеков.

Фестивалдын жеңүүчүлөрү:

- 1-орун — Нарын облустук драма театры,
- 2-орун — Турция;
- 3-орун — Азербайжан.

Буга чейин Turmush басылмасы 24-сентябрда «ART-ORDO» эл аралык фестивалынын ачылыш аземи өткөнүнжазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×