Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Ош облусуАраван району 25.09.2019 13:07 На русском

Араванда мыйзамсыз курулуштар бузулса, Ноокатта кум-шагыл казгандар текшерилди

Turmush -  Араван районунда мыйзамсыз курулуштар бузулуп, мыйзамсыз түрдө кум-шагыл казгандар кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Араван жана Ноокат райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгы билдирди.

Алар Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен биргеликте 35ке жакын мыйзамсыз курулуштарды аныкташкан. Алардын ичинен Араван районундагы борбордук базардын аймагында 8 курулуш бузулган. Ал жерлерге башкы пландын негизинде унаа токтотуучу жай курулуп, айланасы көрктөндүрүлөт.

Ошондой эле Кырк-Кол, Кошжан, Шаңкол дарыяларынын Ноокат районунун аймагындагы жээктеринде өз билемдик менен кум-шагыл казган адамдар, Жаңы-Ноокат участкасынын аймагында оор жүк ташуучу унаага кум-шагыл жүктөп жаткандар кармалып, жеринен чара көрүлүп, эскертүүлөр берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×