Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 25.09.2019 10:42 На русском

Ошто Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгы белгиленүүдө. Сүрөт

Turmush -  Ош шаарында эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 24-сентябрда мааракеге карата VII «ART-ORDO» эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи өттү. Фестивалга Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Россия жана Кыргызстандын актёрлору келишти. Алар Ош облустук Султан Ибраимов атындагы драма театрынын алдында кызыл килемден өтүштү. Ошондой эле фестивалдын ачылыш аземине Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, вице-мэр Нурбек Кадыров, жазуучу жана коомдук ишмер Султан Раев катышып, сөз сүйлөштү.

Ош шаарына Жамал Сейдакматова үй-бүлөсү менен келди.

«Мен 80 жашка чыгып, элиме кызмат кылып, аны эл баалап турганына сыймыктанып турам. Ушул жашка келип унутчаак болуп, колумдагы телефонду же башка буюмдарымды унутсам да, сахнага кадам таштагандан тарта жазылган сценарийлерди унутпайм. Эсимде, мындан бир топ жыл мурун Ошко келип, “Сулайман-Тоодо сүйүү жазы" аттуу көчө театрын койгонбуз. Ошол учурда 2 тажик улутундагы аял келип жүгүнүшүп, ыраазычылыгын билдиришип, "эки өлкөнүн достугу бекем болсун, сага берер белегибиз жок экен" деп бири жоолугун таштап кеткен. Ал жоолукту карасам, ортосу айрылып калыптыр. Мен ушул жашка чейин канчалаган сыйлык, белектердин ээси болсом да, ошол 2 аял чын жүрөгүнөн берген белек өзгөчө болду. Мен ал жоолукту дагы деле сактап жүрөм», - деди Жамал Сейдакматова.

Султан Ибраимов атындагы драма театрында 20 жыл иштеген актриса Назира Мамбетова фестивалга катышып жатканына кубанганын билдирди.

«Кыргыз элимди театрга жана маданияттуулукка, ыйманга чакырам. Ошондо гана өнүгүү, өсүү болот. Бүгүнкү фестивалдын өзгөчөлүгү — Жамал Сейдакматованын көзү тирүүсүндө 80 жылдык маарекеси белгиленип жатат. Адатта биз — кыргыздар адамды көзү тирүүсүндө эстебей, көзү өткөндөн кийин эскерип калабыз», - деди Назира Мамбетова.

Фестивалга конок катары казакстандык актер Адил Ахмедов дагы келген.

«Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россиядан келген кесиптештеримди көрүп кубанып турам. Алар менен Ош шаарында 5 күн бирге болобуз. Буюрса Казакстан менен Кыргызстандын актёрлору биригип тасмаларга тартылуу пландалууда. Буга чейин да бири-бирибиздин тасмаларыбызда мыкты ролдорду аткарып келгенбиз», - деди Адил Ахмедов.

Буга чейин Turmush басылмасы Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгы Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн Кашат айылында белгиленгенин жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×