Turmush — Өзгөн шаарында Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясы билдирди.
Бүгүн, 23-сентябрь күнү мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата шаардагы мектеп окуучулары арасында сармерден уюштурулду. Анын алкагында окуучулар кыргыз тилин даңазалаган ырларды окуп, кыргыздын улуттук бийлерин бийлешти.
Өзгөн шаарынын мэри Муктаржон Халматов уюштуруучуларга ардак грамота тапшырып, катышуучуларды куттуктады.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.