Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 23.09.2019 10:42 На русском

Ош шаарында орус тасмалары акысыз көрсөтүлүүдө (видео)

Turmush -  Ош шаарында орус тасмаларынын жумалыгы өтүүдө. Иш-чаранын ачылыш аземи 19-сентябрда өткөн. Жумалык эртең, 24-сентябрда жыйынтыктала турганын аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземде Россиядан келген чыгармачыл топ кызыл килемден өтүшкөн. Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков меймандарга атайын белектерди тапшырды. Ош шаарына жалпы 10дон ашуун конок келди.

Актриса Полина Нечитайлонун айтымында, кино сүйүүчүлөр үчүн «Семетей» кинотеатрында Россиянын тарыхый тасмалары көрсөтүлүүдө. Ал эми иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Лада Хасанова орус тасмаларынын жумалыгы Ош шаарында 4-ирет өтүп жатканын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×