Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ош облусу, Ош 23.09.2019 10:22 На русском

Улуттук көчмөндөр оюндары: Ош облусунун ордосунда 9 боз үй тигилди

Turmush -  Талас облусунда өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Ош облусунун ордосунда 9 боз үй тигилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук көчмөндөр оюндары «Манас ордо» комплексинде өттү. Ош облусунун ордосунда облустагы 7 райондун атынан 7 боз үй тигилсе, облус жетекчилиги 2 боз үй алып барган.

Ал эми этнобазарга Ош облусунан барган 12 кол өнөрчү өздөрүнүн жасаган буюмдарын көргөзмөгө коюшкан. Салтанатта Ош облусу кыргыздын кыз узатуу салтын көрсөттү. Ага Алай райондук маданият үйүнүн кызматкерлери катышкан. Андан тышкары боз үйдү кыска убакыттын ичинде тигүү жана чечүү мелдешине 2 боз үй даярдалган.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттун 8 түрү боюнча мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган. Ал эми ачылыш жана жабылыш аземи президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда 21-сентябрда өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×