Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуНоокат району 23.09.2019 17:01

50 миң сом пара менен кармалган депутаттын жубайы менен уулу айылдашын сабады. Видео

Turmush -  Ноокат районунун тургуну М.К. (эркек киши) жазган арыздын негизинде Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси жана жергиликтүү кеңештин депутатына кылмыш иши козголуп, соттолушкан. Эми айыпталуучулардын жакындары М.К.га тынчтык бербей жатышат. Бул тууралуу жабырлануучу өзү аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы айыл өкмөттүн жер боюнча адиси андан 50 миң сом талап кылган.

«2013-жылы мага жер адиси 80 сотых жерди ижарага берип, иштете бер, келишим түзүп берем деген. 2014-жылы мал сарай куруп баштаганда ал жер трансформацияланып, тургундарга бериле баштаган. Мен кайра жер адисине барып, мага дагы жер тилке бериңиз деп кайрылсам, 50 миң сом талап кылды. Кийинчерээк айылдык кеңештин депутаты С.О. 80 миң сом сурады, бирок ага 50 миң сом гана бердим. Бирок жер ала турганыма ишенбей, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка арыз жазгам. Алар 2018-жылдын август айында жергиликтүү кеңештин депутатын, жер адисин акча алып жаткан жеринен кармашып, кылмыш иши козголгон. Алар соттолуп, экөө тең үй камагына чыгарылган.

Учурда экөө тең иштеп жатышат. Жергиликтүү кеңештин депутатынын жубайы менен уулу ушул жылдын 18-сентябрь күнү саат 19:40 чамасында үйүмө келип, мени жакалап, сабап киришти. Мага тынчтык бербей жатышат. Мен депутаттын жубайынын жана уулунун үстүнөн да милицияга арыз жазгам, мыйзам чегинде жазасын алышсын», - деди М.К.

Анын жергиликтүү кеңештин жубайы жана уулу менен болгон жаңжалы чөнтөк телефон аркылуу видеого тартылган. Ал видео социалдык тармактарга да жарыяланган. Андан арыз ээсинин футболкасы айрылганын көрүүгө болот.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн Нарай айылынын тургуну А. аттуу аял киши уулу менен бирге айылдашы — 1990-жылы туулган М.К.ны өзүнүн үйүнүн алдында сабашып, денесине жаракат келтиришкен. Аталган окуя 19-сентябрда Ноокат РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Эки тарап тең бири-бирине арыз жазып даттанышкан.

-----------------------

Окуя тууралуу:

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө М.К. аттуу тургун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси ага жер тилкесин бөлүп бергени үчүн 50 миң сом опузалап талап кылганын айтып, арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски кодекс) 225-берененин (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) жана 166-берененин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. 2018-жылдын 17-августунда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом акча каражатын алып жаткан убакта жер маселелери боюнча адис К.И. жана жергиликтүү кеңештин депутаты С.О. кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×