Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 21.09.2019 15:06 На русском

Улуттук көчмөндөр оюндары: Россиянын элчиси «Альянс Алтын» тиккен боз үйгө келди (видео)

Turmush -  «Альянс Алтын» компаниясы Талас шаарында өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын негизги демөөрчүсү. Компания иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү демилгелерин колдогонун ишкананын басма сөз катчысы Касиет Карачолокова билдирди.

Анын айтымында, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан тигилген боз үйгө келди.

«Россия Федерациясынын элчиси Улуттук көчмөндөр оюнуна катышты. Ал Жер үй алтын кенин иштетип жаткан "Альянс Алтын" ЖЧКсы тарабынан тигилген боз үйгө кирди. Бүгүнкү күндө бул компания өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюнунун негизги демөөрчүсү болуп саналат. Компаниянын атынан айтсак, Көчмөндөр оюнунун бардык катышуучуларын жана конокторун колдойбуз.

Бул компанияны кыргыз компаниясы деп эсептейбиз. Себеби Кыргыз Республикасында катталган. Жогоруда болуп жаткан оюндарга, иш-чараларга милдеттүү түрдө активдүүлүгүбүздү көрсөтүп, катышуубуз керек. Уюштуруу жана өткөрүү демилгелерин колдоп, демөөрчү болдук.

Элчи ушундай ири долбоорлордун негизинде кыргыз-орус биргелешкен компанияны өнүктүрүү керек экендигин белгиледи. Биз дагы өзүбүздүн боз үйүбүздү презентацияладык. Мында компаниянын иш-аракеттери видео слайддар аркылуу көрсөтүлүп, конокторду кош колдоп тосуп алдык. Конокторго жакшы маанай тартуулап, Талас облусунун экономикасына бир аз болсо дагы салым кошуп кетсек деген ниет менен келдик. Ар кайсы облустардан жана чет өлкөдөн келген коноктор көп экен. Эми Талас облусуна туристтерди тарталы деген чоң максатыбыз бар», - деди ал.

Ал эми Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко: «Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары өтүп жатканына кубанычтамын. Россиянын Кыргызстан менен болгон маанилүү программалары көп. Таластын тургундары үчүн пайдасы чоң болгон инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча губернатор (өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү) менен сүйлөшүүлөр болду», - деди.

«Альянс Алтын» компаниясынын жетекчиси Михаил Шубин: «Бүгүн Улуттук көчмөндөр оюндарына катышып, иш-чараларга күбө болуп жатабыз. Элдин маанайы жакшы. Биз дагы аз да болсо салымыбызды коштук. Талас элине кубаныч тартуулап, ийгиликтерди алып келет деп ишенебиз», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×