Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 20.09.2019 17:31 На русском

40,4 млн сомдук контрабанда: Жеке ишкер уюлдук телефондорду кыргыз-кытай чек арасынан кантип өткөргөн? Видео

Turmush -  2018-жылы Кыргызстанга контрабандалык жол менен алынып келген уюлдук телефондор боюнча айыпталган бажы кызматкерлеринин жана кыргызстандык ишкерлердин кылмыш иши Ош облустук сотунда каралды. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, сот Бажы кызматынын Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери М.К. жана Ө.М.га, ошондой эле Ош шаарынын тургуну М.А.га карата өкүм чыгарды.

Ош шаарынын тургуну, жеке ишкер А.Мурод бир тууганы менен бирге интернет аркылуу Кытай Эл Республикасынын жараны — Саша аттуу ишкер менен байланышып, жалпы баасы 200 миң долларга бааланган уюлдук телефондорду сатып алуу жөнүндө макулдашышкан. Кийинчерээк уюлдук телефондордун бажы төлөмүн төмөндөтүү максатында бир туугандар Сашадан аларды башка буюмдар менен кошо Кыргызстанга жөнөтүп, иш кагаздарга уюлдук телефондорду көрсөтпөөнү суранышкан. Саша буюмдардын ээси катары иш кагаздарга башка адамдардын атын жазып, Кыргызстанга жөнөткөн. Жүк кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандын аймагына киргизилип, декларациясы керектелүүчү буюмдар, тактап айтканда мырзалар үчүн футболка, көйнөк, бут кийим, кездеме, термос катары, жалпы салмагы 19 миң 830 кг деп толтурулган. Андан кийин 26-апрель күнү Кытайдан Кыргызстанга келген оор жүк ташуучу унааны кыргызстандык ишкер А.Мурод тосуп алып, айдоочуга өзүн жүктүн ээси катары тааныштырган. Бирок оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу ага буюмдардын документтерин бербей, аларды жүк жеткирүү менен алектенген компаниянын диспетчерине алып барып берген. А.Мурод иш кагаздарды тезирээк бүтүрөм деп диспетчерден аталган документтерди алып, жүктүн чыныгы ээлери менен байланышкан жана алардын макулдугу менен буюмдардын ичиндеги чөнтөк телефондорду жашырып, оор жүк ташуучу унаа текшерилгени тууралуу жасалма акт түздүрткөн. Башкача айтканда акт түзгөн бажы кызматкерлери материалдык жактан пайда көрүү максатында Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен алынып келген уюлдук телефондорду киргизүүгө шарт түзүп беришкен.

Андан кийин А.Мурод Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылынын аймагында токтоп турган оор жүк ташуучу унаасындагы көзөмөл-өткөрүү пункту тарабынан басылган пломбаларын үзүп салган жана айдоочуга бажы документтерин көрсөтүп, буюмдарды Бишкек шаарына жеткирип берүүнү суранган. Айдоочу Б.А. жүк ташуучу унаа менен Бишкек шаарына бара жатканда — 27-апрель күнү эртең мененки саат 05:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Андан кийин жүк Ош шаарындагы бажы терминалына жеткирилип, кароо жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында бажы иш кагаздарына дал келбеген 11 миң 687 даана ар түрдүү үлгүдөгү уюлдук телефондор табылган. Алардын жалпы баасы 40 млн 449 миң 228 миң сомду түзгөн. Алардын бажы төлөмдөрү 4 млн 955 миң 30 сомду түзмөк. Бирок А.Мурод жасалма документтин негизинде 1 млн 119 миң сом гана төлөгөн.

Буга чейин кылмыш иши Ош шаардык сотунда каралган. Бирок айыпталуучулардын жактоочусу шаардык соттун чечими менен макул болбой, Ош облустук сотуна кайрылган. Ош облустук соту Ош шаардык сотунун 2018-жылы 11-декабрда чыгарган өкүмүнүн айрым бөлүктөрүн өзгөрткөн.

Ош облустук сотунун өкүмү:

Айыпталуучу М.Өмүрбекке (бажы кызматкери) Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде 300 миң сом, 329-берененин 1-бөлүгүнүн (Кызматтык жасалмачылык) негизинде 260 миң сом, 43-берененин 4-бөлүгүнүн (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 223-берененин 2-бөлүмүнүн 1-4-пункттарынын (Экономикалык контрабанда) негизинде 260 миң сом айып салынган. Алар жарым-жартылай кошулуп, жалпы 310 миң сом айып пул салынды.

Айыпталуучу К.Маратка (бажы кызматкери) Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде 300 миң сом, 329-берененин 1-бөлүгүнүн (Кызматтык жасалмачылык) негизинде 260 миң сом, 43-берененин 4-бөлүгүнүн (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 223-берененин 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарынын (Экономикалык контрабанда) негизинде 260 миң сом айып салынган. Алар жарым-жартылай кошулуп, жалпы 310 миң сом айып пул салынды.

Айыпталуучу А.Муродго Жазык кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарынын (Экономикалык контрабанда) негизинде 260 миң сом, 43-берененин 4-бөлүгүнүн (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 320-берененин 2-бөлүгүнүн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде 300 миң сом, 329-берененин 1-бөлүгүнүн (Кызматтык жасалмачылык) негизинде 260 миң сом айып салынган. Алар жарым-жартылай кошулуп, жалпы 310 миң сом айып салынды.

Өкүмдүн калган бөлүгү боюнча сот Ош шаардык сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Өкүм жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирген. Нааразы тарап Жогорку сотко даттанууга укуктуу.

----------------

Буга чейин Turmush басылмасы УКМКнын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин кармашканын жазган.

УКМК кызматкерлери 27-апрелде Жалал-Абад облусунан жүк ташып бара жаткан унааны текшеришкен, бирок жүктүн тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Иликтөөдө бажы кызматкерлери жүктүн кожоюндары менен сүйлөшүп, импорттук товарды бажы көзөмөлүнөн текшерттирбей өткөрүшкөндүгү такталган.

Аталган факт боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-беренеси (кызматтык жасалмалоо), 204-берене (аткезчилик) менен кылмыш иш козголгон

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×