Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 19.09.2019 15:04

Ошто түрк тасмалары акысыз көрсөтүлүүдө

Turmush -  Ош шаарында Түркиянын тасмалары акысыз көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ош шаарында Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги менен биргеликте уюштурулган Түрк тасмаларынын жумалыгы өтүүдө. Анын алкагында «Семетей» кинотеатрында 3 күн бою Түркиядагы эң мыкты делген тасмалар акысыз көрсөтүлөт.

Жумалыктын алкагында кино тармагында эмгектенген түрк жана кыргыз адистери баарлашып, ой бөлүшөт.

«Биз 3 күн бою Түркияда мыкты деп саналган 3 тасманы көрсөтөбүз. Алардын бири — Түркияда көп көрүлгөн мультфильм. Биздин максатыбыз — Түркия менен Кыргызстандын байланышын өнүктүрүү жана эки өлкөнүн маданият тармагындагы кызматташуусун кеңейтүү», - деди Түркиянын Улуу Улуттук жыйынын депутаты Метин Гүндоглу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×