Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 21.09.2019 10:10

Айыл турмушу: Бакай-аталык Р.Бейшенов кооздук үчүн павлин породасындагы көгүчкөндөрүн багууда (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Атанын Ак-Дөбө айылынын 29 жаштагы тургуну Рамис Бейшенов павлин породасындагы көгүчкөндөрүн багып көбөйтүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, көгүчкөндөрдү кооздук үчүн багат.

«Канаттуулардын дүйнөсүнө кызыгам. Жөнөкөй көгүчкөндөр менен бирге павлин көгүчкөндөрүн дагы багам. Буларды Таласта көгүчкөн баккандардан сатып алгам. Павлин көгүчкөндөр кымбатыраак болот. Азыр көбөйтүп гана келем. Булардын акылдуулугуна таң жок. Күндүн бир убактысында короого кирип, кайра таң атканда чыгып калышат. Убактыларын саат менен карап тургандай кирип чыгышат (күлүп). Көгүчкөндөрүм биздин көчөбүздүн көркү. Жолдо дагы жүрүп калышат, эч ким тийбейт.

Сатып алууга сурап көптөр келишет. Азырынча сатыкка чыгарууга максат коё элекмин. Булар кооздугу жана тазалыгы менен айырмаланат. Асманда узакка учуп жүрө албайт. Жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн жерде куйругун жайып сулуулук тартуулап өтөт. Таза павлин көгүчкөндөрдүн башы кичинекей жана кара көздүү болушат. Буттары ар дайым басып жүрүүгө арналгандай бекем болот. Ал эми куйруктарында 30-35 тал болот. Эрте жазда жана кеч күздө өздөрүнүн сулуунуна көрк кошулган учур болот. Ошондо көпчүлүк көгүчкөн сүйүүчүлөр сатууга же сатып алууга умтулушат. Буларды сатууда пайдасы аз болсо дагы багып жатам. Себеби окуучулардын кызыгуулары телефонго эмес ушундай канаттууларды кароо менен өтсө ден соолугуна пайда болмок.

Менин кызыгуум чоң болуп, көп жылдан бери ушул иш менен жүргөндүктөн көгүчкөндөрдү машыктырып, ден соолугуна, тоюттарына кылдаттык менен мамиле жасайм. Күн жылууда ачык асмандуу тордо кармаган жакшы. Күндүн нуруна жакын болгонду жакшы көрүшөт. Кышкысын тескерисинче үстү жабык жана жылуу сарайда кармаган оң. Көгүчкөндөр кармалган короону 1 ай сайын дезинфекциялап туруу керек. Канаттуу болгондуктан жугуштуу ооруларга тез кабылышат. Март айларында балапан чыгарышат. Ошол маалда витаминдүү тоюттар берилгени жакшы», - деди.

Рамис мырза көгүчкөндөрдөн тышкары жылкыларды дагы багат. Үй-бүлөдө 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×