Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Талас облусуТалас району 19.09.2019 12:39

Улуттук көчмөндөр оюндары: Баткендик делегациянын кол эмгектери тааныштырылып, спортчулары мелдештерге катышууда

Turmush -  Талас шаарында өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында Баткен облусунун өкүлдөрүнүн маданий иш-чаралары «Баткен ордодо» башталды.

Маалым болгондой, Таласка Баткенден 300гө жакын адам келген. Алардын арасында маданият кызматкерлери, кол өнөрчүлөр, спортчулар бар. Иш-чарада «Айгүл гүлү» театралдаштырылган оюн-зоок программасы, улуттук ыр-бийлер, салттуу кийим-кечелер, боз үйдүн жасалгаланышы көрсөтүлүүдө. Көчмөндөрдүн тамак-аштары жайылып, элдик көркөм кол өнөрчүлүк тааныштырылып жатат. Баткендик делегациянын эмгектери «Манас Ордодогу» этношаарчада 21-сентябрга чейин коюлат.

Ал эми спорттук оюндар Р.Алканов атындагы ат майданда өтүүдө. 17-сентябрда өткөн көк бөрү боюнча мелдеште Баткен облусунун командасы Ош облусунун командасын 6:5 эсебинде жеңип алды. Кечээ, 18-сентябрда облустун командасы тогуз коргоол боюнча мелдешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×