Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.09.2019 12:22

Ак-Сууда бала бакчага кезек күткөндөрдүн саны өсүүдө

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында бала бакчага кезек күткөндөрдүн саны жыл санап өсүүдө. Бул тууралуу «Күн чубак» бала бакчасынын жетекчиси Сабира Сагынбекова билдирди.

Анын айтымында, бала бакча 250 орунга ылайыкташканы менен анда 385 бала каттоого алынган.

«Күн сайын 300 бала келет. Орто жана кенже тайпада балдар көп болуп, бир керебетке экиден жатышат. Мектепке чейинки курактагы балдардын саны аз. Алар керебетке бирден эле жатышат. Быйыл 166 бала кезек күтүп тургандыгы аныкталды», - дейт С.Сагынбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×