Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуАлай району 19.09.2019 09:44 На русском

Алайда ак халатчандардын арасында сынак өттү (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда Мамлекеттик тил күнүнө карата ак халатчандардын арасында сынак өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алай районундагы аймактык оорукананын жетекчиси Талантбек Белекбаевдин айтымында, кароо-сынак мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата уюштурулган. Иш-чаранын башында аймактык оорукананын жетекчисинин орун басары Дайыр Адыров мамлекеттик тил боюнча кеңири маалымат берди. Андан кийин оорукананын жетекчисинин медайымдык иштер боюнча орун басары Чынара Бакирова сынакта элдик ыр-күүлөр, жаңылмач, макал-лакап айтышуу, кыргыз эпосторунан үзүндү айтуу, тил жөнүндөгү ырларды көркөм окуу программалары бар экенин билдирди.

Майрамда аймактык оорукананын 10 бөлүмүнүн кызматкерлери күч сынашты. Анын жыйынтыгында терапиялык бөлүмдүн дарыгери Айзирек Алмазбек кызы 1-орунду, учук бөлүмүнүн медайымы Акбари Токобаева 2-орунду, төрөт бөлүмүнүн акушери Гүлзада Абдыкадырова 3-орунду жана жандандыруу бөлүмүнүн кенже медкызматкери Чынар Дүйшөбаева 4-орунду алып, сыйлыктарга, тактап айтканда ашкана буюмдарына ээ болушту.

Сынактын алкагында 40 жылдан ашуун медицина тармагында иштеп келе жаткан Өмүрзак Шайназаров «Манас» эпосунан үзүндү айтса, Чынар Дүйшөбаева «Кожожаш» дастанынан үзүндү айтты. Мындан сырткары кыргыздын «Бекбекей», «Шырылдаң» сыяктуу элдик ырлары жаңырды.

Алай аймактык ооруканасынын жетекчилиги мындай сынактар аталган оорукананын жер-жерлердеги 5 филиалында да өтүп жатканын кошумчалашты.

Кыргыз тили 1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил макамын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×