Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 19.09.2019 09:22

Түп райондук аялдар кеңешинин жаңы төрайымы шайланды (сүрөт)

Turmush -  Олеся Клычова Түп райондук аялдар кеңешинин төрайымы болуп шайланды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, Түп районунун аялдар кеңешинин президиумун жана төрайымын шайлоодо президиумга 7 аялдын талапкерлиги катталып, төрайымдыкка Замира Карабекова менен өзүн-өзү көрсөткөн Олеся Клычованын талапкерлиги ачык добушка коюлду. Анда райондун аймактарынан шайланган делегаттардын 56 добушун Олеся Клычова алып, Түп райондук аялдар кеңешинин төрайымы болуп шайланды. 26 добуш алган Замира Карабекованын президиумдун мүчөлүгүнөн чыгаруу өтүнүчү кабыл алынды.

Олеся Клычова ишке киришкен алгачкы күндөрүндө эле Түп айылындагы ар кыл курактагы, ар кыл кесиптин ээлери болгон энелерди ишембиликке алып чыкты. Энелерин ээрчип Түп айылынын жаштары да ишембиликке чыгышты.

«Энелер "Биз таза Кыргызстан үчүн!" деген ураан менен Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн колдойлу деп, райондун "Каркыра" стадионун тазалап чыктык. 1957-жылы төрөлгөн энелерибиз Калыйкан Эргешова менен Калича Бугубаева жаштарга үлгү болуу менен бирге ишембиликке неберелерин кошо ала чыгышты. Алар пенсияга чыккандан бери мындай ишке аралашпай калышканын, тазалык бир гана мекеме-ишкана менен мектепке тиешелүүдөй болуп калганын, ал эми тазалык ар бирибизге керек экенин айтышты.

Жаштар айыл ичиндеги таштандылар көп жерлерди тазалашып, биз жыйнаган акыр-чикирлерди кошо Түп айыл өкмөтүнүн «Тазалык» бригадасы жыйнап, тиешелүү жерге алып барып төгүштү», - деди О.Клычова.

Олеся Клычова 1987-жылы 23-апрелде Түп айылында туулган. Эки дипломдун ээси. Бир кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×