Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Талас облусуТалас району 19.09.2019 09:09 На русском

Улуттук көчмөндөр оюндары: «Манас Ордодо» конок тосуучу 140 боз үй тигилди (сүрөт)

Turmush -  Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында «Манас Ордо» комплексинде конок тосуучу 140 боз үй тигилди. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ар бир облус жетиден боз үй тигип, чакан этношаарча түптөлгөн. Бүгүн, 19-сентябрда ар бир облус улуттук кийим-кечелерди, каада-салттарды, тамак-аштарды, чеберчиликти тааныштырат. Театралдаштырылган сценкалар коюлуп, ыр-бийлер аткарылып, боз үйлөрдү тигүү, кайра чечүү боюнча сынактар уюштурулат.

Буга чейин ар бир облустун боз үйлөрү тигилип, аркалар курулуп жатканы кабарланган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×