Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 19.09.2019 08:12

Кара-Бүргөндө ветсервис менен ФАПтын кызыл тасмасы кесилди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында ветеринардык сервис жана фельдшердик-акушердик пункт ачылып, пайдаланууга берилгендигин аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 17-сентябрь күнү облус башчысы Эмилбек Алымкулов иш сапары менен Кара-Бүргөн айылына келип, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысына бир катар көйгөйлөр айтылды. Анда Баетов—Кош-Дөбө унаа жолуна асфальт төшөө, Кайырма каналын куруу, Баетов айылындагы курулуш иштери токтоп калган Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин жаңы имараты тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Жолугушуудан кийин Эмилбек Алымкулов ветеринардык сервис жана фельдшердик-акушердик пункттун ачылышына катышып, кызыл тасмасын кести.

Ветеринардык сервис 1 297 700 сомго курулган. Анын 800 481 сому жергиликтүү элдин өздүк салымы болсо, калганы АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун негизинде каржыланды. Ал эми фельдшердик-акушердик пункт жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн 450 миң сомго курулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×