Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 18.09.2019 17:54

Кара-көлдүк окуучу Нармат «The Planet of ART – 2019» дүйнөлүк сынагына катышат

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 16 жаштагы тургуну Нармат Шермат уулу «The Planet of ART – 2019» дүйнөлүк фестиваль сынагына катышат. Бул тууралуу анын таенеси Эркайым Мамбетжанова билдирди.

Анын айтымында, небереси кичинекей кезинен бери эле ыр жандуу.

«Нармат 1-класстан баштап Атай Өмүрзаковдун бийлерине кызыгат. 2-классында комуз черткенди үйрөнгөн. 5-классында Германиядан келген мугалимдер немис тили сабагынан сынак жарыялап, андан жеңүүчү болгон. Бирок Германияга кичине деп жөнөтпөй койдум. 9-классында Ошто Кытайдан билим алуу боюнча тестирлөө жүрүп, андан өтүп кетти. Бирок Кытайга жиберүүгө атасы макул болбой койду», - деди ал.

Ал эми Нарматтын айтымында, «The Planet of ART – 2019» фестивалы 2-октябрда өтөт.

«Ушул жылдын апрель айында өткөн «Кыргызстандык экениме сыймыктанам» аттуу сынактын облустук турунан 2-орунду ээлеп, Бишкекте өткөн республикалык турдан 1-орунду багындырдым. Сынактан 2-октябрда Астана шаарында өтүүчү «The Planet of ART – 2019» дүйнөлүк фестивалына жолдомо утуп алдым. Былтыр «Эл акыны Эсенгул» аттуу сынактан 2-орунду ээлеп, 5 миң сом акчалай сыйлык жеңип алгам», - деди ал.

Нармат Астана шаарында өтүүчү сынактын жыйынтыгына карап келечектеги кесибин тандап аларын билдирди.

«Астанада өтчү сынактан жеңиш менен кайтсам, ырчылык өнөрүмдү өркүндөтүп, ушул багытта билим алам. Эгер мен күткөндөй болбой калса, чет тилдери факультетине тапшырам деген оюм бар», - деди ал.

Нармат №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде 11- класста окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×