Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.09.2019 17:19

Алыскы Ак-Шыйрак айылынын эли табигый кырсыктан сактанууну үйрөнүштү

Turmush -  Жети-Өгүз районунда деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте жайгашкан айылдын тургундары табигый кырсыктардан сактануунун жолдорун үйрөнүштү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, деңиз деңгээлинен 3300-3800 метр бийиктикте жайгашкан Ак-Шыйрак айыл аймагына караштуу Карасай, Үч-Кошкон айылдарынын тургундарына табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жүрүм-турум эрежелери жана сактануу ыкмалары боюнча сабактар өткөрүлдү.

Ага Үч-Кошкон айылындагы жалпы билим берүүчү жатак мектебинин окучулары дагы катышты. Анда кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлык боюнча маалыматтар айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жарандык коргонуу бурчу, өзгөчө кырдаалдар боюнча атайын плакаттар тапшырылды. Окуунун жүрүшүндө куткаруучулар табигый кырсыктардын алдын алуу, андан сактануунун жолдорун түшүндүрүп беришти.

Иш-чара өлкөнүн аймагында 2019-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейинки аралыгында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлык иш-чаралардын алкагында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×