Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 18.09.2019 15:08 На русском

Жумгалдагы көчөгө согуш ардагери Асаналы Оболбековдун ысымы ыйгарылды

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз ССРинин айыл чарбасына эмгек сиңирген устат, маркум Асаналы Оболбековдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн Күчүк участкасындагы борбордук көчөгө Асаналы Оболбековду ысымын ыйгаруу боюнча айылдык кеңештин токтому чыккан.

Асаналы Оболбеков 1917-жылдын 22-мартында Нарын облусунун Жумгал районунун мурдагы Кара-Баткак азыркы Кызыл-Жылдыз айылында туулган. 1933-1941-жылдары Кара-Баткак колхозунда иштеп жүрүп, 1941-жылы согушка аттанган. Алгач Сталинград шаарына барган. Андан кийин Ленинградды куткарууга катышып, Берлинге чейин барган.

Согуш учурунда оң кулагына ок тийип, оң колунун сөөмөйүн окко алдыркан. 1945-жылдын май айында Кыргызстанга кайтып келип, 1946-1953-жылдары Чаек колхозунда талаачылык бригадири, 1955-1975-жылдары звено башчысы болуп иштеген. 1975-жылдан тартып ардактуу эс алууга чыккан. 1947-1955-жылдары Чаек айылдык кеңешинин жана Нарын облустук кеңешинин депутаты болуп шайланган.

1982-жылы 1-класстагы сугат чебери болгон. Дыйканчылык, сугатчылык тармагында үзүрлүү эмгектенип, суу жетпеген жерге Күчүк арыгын каздыртып, суу тарттырып, жерден мол түшүм алган.

Согушта жасаган эрдиги үчүн Ленин ордени (1973-жыл), «Эмгек Кызыл Туу» ордени (1972-жыл) жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Асаналы Оболбеков кемпири Гүлбара Оболбекова (Эгеш кызы Гүлбара 1919-жылы туулган) менен турмуш куруп, 3 уул, 1 кызды багып өстүрүшкөн. Отузга чукул небере, жыйырмадан ашык чөбөрө көрүшкөн. Ал 2006-жылы 26-июлда 90 жаш курагында каза болсо, кемпири Гүлбара Оболбекова 2009-жылы 12-июнда 90 жаш курагында ден соолугунан улам каза болгон.

Асаналы Оболбековдун тун уулу Мукан Асаналиев Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, жазуучу жана котормочу. Ири чыгармаларды жана тасмаларды чет тилдерге которуп, элге таанымал болгон. Ал 1947-жылы 1-августта Кызыл-Жылдыз айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Мукан Асаналиевдин орус, англис, түрк, казак жана азербайжан тилдеринен которулган котормолору жана өзү жазган китептери бар. Ошондой эле 5-6 тасманы жана «Курманжан датка» тасмасынын саундтрегин чет тилине которгон.

Акындык таланты, котормочулук эмгеги, маданиятка кошкон салымы эске алынып, «Нарын облусунун ардактуу атуулу», «Жумгал районунун ардактуу атуулу» жана «Кызыл-Жылдыз айылынын ардактуу атуулу» наамдары берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×