Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 18.09.2019 15:04

Ошто өспүрүмдөр арасындагы зомбулукту алдын алуу боюнча окуулар өтүүдө

Turmush -  Ош шаарындагы мектептерде өспүрүмдөрдүн арасындагы зомбулукту алдын алууга багытталган окуулар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 17-сентябрь күнү Ош ШИИБ билим берүү тармагындагы адистер жана ЮНИСЕФтин (Бириккен улуттур уюмунун алдындагы балдар фонду) кызматкерлери менен биргелешкен иш-чара өткөрдү Анын алкагында Ош шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, мугалимдердин, ыктыярчылардын катышуусундагы «Мектептеги зомбулуктарды алдын алуу» темасында окуу-тренинг уюштурулду. Анын негизги максаты — окуучулардын арасындагы зордук-зомбулукту алдын алуу, анын келип чыгуу себептерин жана кесепеттерин жоюуда аткарыла турчу комплекстүү иш-чараларды аныктоо.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мектептерде мониторинг жүргүзүүнү, мектеп курагындагы балдар менен мамиле түзүүнүн жол жоболорун үйрөнүшөт. Соңунда мектеп окуучуларына таратыла турчу эскертүү баракчасынын үлгүсүн иштеп чыгышат.

Иш-чара эки күнгө созулуп, ага ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын өкүлү Нуржан Адылова, Бишкектеги өспүрүмдөргө жардам көрсөтүү борборунун жетекчиси Динара Давлетбаева жана тажрыйбалуу тренер-эксперттер катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×