Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.09.2019 14:36

Таалай Узенбаев Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болду (өмүр баяны)

Turmush -  Таалай Узенбаев Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул маалыматты аталган мекемеден тастыкташты.

Маалым болгондой, ушул жылдын 9-сентябрында өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Б.Абдиевдин буйругу менен ал жетекчи болуп дайындалды. Өткөн аптанын жума күнү жетекчи жамаатка тааныштырылды.

Буга чейин облустук капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген Зайырбек Кыралиев өз арызы менен жумушунан кеткен.

Жеке булактардын маалыматына караганда, анын жумуштан кетүүсүнө Чаткал районундагы Акназаров атындагы мектебинин курулушу 1-сентябрга карата бүтөй калганы себеп болгон.

WhatsApp Image 2019-09-18 at 14.46.29

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Узенбаев Таалайбек Ыманбекович

Туулган жылы: 1960-жыл

Туулган жери: Аксы районунун Афлатун айылы

Билими

- 1980-1996-жылдары Фрунзе палитехникалык техникуму, техник-гидротехник, менеджер адистиги

Эмгек жолу:
- 1980-1986-жылдары – Ала-Бука райондук капиталдык курулуш чарбасында мастер;

- 1986-1990-жылдары – Ала-Бука райондук капиталдык курулуш чарбасында прораб;

- 1990-1991-жылдары – Жаңы-Жол суу чарба кызматында эксплуатация боюнча башчынын орун басары;

- 1991-1992-жылдары Токтогул суу сактагычында эксплуатациялоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары;

- 1992-1997-жылдары – Токтогул суу сактагычынын эксплуатациялоо боюнча башкармалыгынын башкы инженери;

- 1997-1999-жылдары – Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгында мамлекеттик инспектор;

- 1999-2001-жылдары – «Суу ресурстарын башкаруу» долбоорунун Жалал-Абад облусу боюнча уюштуруучу-менеджери;

- 2001-2002-жылдары – «Суу ресурстарын башкаруу» долбоорунун Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарын суу менен камсыз кылуу боюнча жооптуу уюштуруучу;

- 2002-2003-жылдары – «Береке-Кут» фермердик чарбасынын башчысы;

- 2003-жылы - Ичүүчү суу менен камсыз кылуу департаментинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн адиси;

- 2004-2007-жылдары – «Ирригациялык системаларды кайра калыбына» долбоорунда инженер, техникалык көзөмөлдөөчү;

- 2007-2008-жылдары – «Береке-Кут» фермердик чарбасынын башчысы;

- 2008-2010-жылдары – Жалал-Абад облустук администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын сатып алуу боюнча адиси;

- 2010-2012-жылдары – Жалал-Абад облустук администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгында техникалык көзмөлдөөчү;

- 2012-2013-жылдары – Турак жай-жарандык курулуш департаментинде инженер, техникалык көзөмөлдөөчү;

- 2013-2018-жылдары – Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгында мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×