Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 18.09.2019 14:05

«Аруузат аялдар» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү К.Асановго карата козголгон кылмыш ишти токтотууну суранышты. Видео

«Аруузат аялдар» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү
«Аруузат аялдар» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү

Turmush -  1993-жылдан бери Кыргызстандагы ар кандай окуяларда кыраакылыгын көрсөткөн Курсан Асановго козголгон кылмыш иши токтотулсун, деп талап кылышты бүгүн, 18-сентябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында «Аруузат аялдар» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү.

Алардын айтымында, учурда бир гана Курсан Асанов эмес, ак жерден куугунтукка кабылып, абакта жаткан бир нече адамдар дагы бошотулууга тийиш. «Аруузат аялдар» коомдук бирикмесинин Алай району боюнча координатору Гүлипа Апылаева абакта отургандардын арасында чек арадагы маселелерди чече ала турган адамдар бар экенин айтты.

«Биздин бирикменин 58 миң мүчөсү бар. Ошол 58 миң айымдын атынан сүйлөп жатабыз. Чек арадагы маселелерди көрүп жатабыз. Мындай учурда Курсан Асановдой жигиттер керек. К.Асанов карапайым үй-бүлөдө чоңойгон. Буга чейин башынан көптөгөн коогалаңды, жаңжалдарды өткөргөн. Ошондуктан К.Асановго жана ага окшоп кылмыш иши козголгон жигиттерге боштондук керек», - деди Г.Апылаева.

Маалымат жыйынга аталган коомдук бирикменин Кара-Суу районундагы мүчөсү Жылдызкан Апылаева да келген.

«Жалпы энелердин атынан келип отурабыз. 2010-жылы Ошто коогалаңды баштан өткөрдүк. Ошол коогалаңда Курсан Асанов жүргөн. Ал көп жумуштарды жасаган. К.Асановдун иштөөсүнө жолтоо болуп, бут тоскон адамдар бар экен. Кыргыздын жигиттери бир максатты көздөш керек. Биз дагы тынч, өнүккөн өлкөдө жашап, балдарыбызга, урпактарыбызга татыктуу өлкөнү мурас катары калтыргыбыз келет», - деди Ж.Апылаева.

Аны сөзүн коомдук бирикменин Араван району боюнча координатору Гүлипа Жусубалиева дагы колдоду.

«Бизге тынчтык керек. "Энелердин мээрими дүйнөнү сактайт" дейт. Чыгаан уулдарыбыз Садыр Жапаров, Курсан Асановдор акталсын. Алардын элине кылган кызматы ак. Биз ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылабыз, өз күчү менен генералдык наамга чейин жеткен К.Асановго козголгон кылмыш иши токтотулсун», - деди ал.

«Аруузат аялдар» коомдук бирикмеси 2016-жылы негизделген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×