Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 18.09.2019 13:57

Жумгалдын Чаек айылындагы борбордук аянт кандай оңдолуп жатат?

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын борбордук аянты оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Аянттагы эски таштамандар алмаштырылып, айланасы темир тосмолор менен тосулуп, сахнасы алмаштырылуу алдында турат.

Айыл тургуну Жазира Атабекованын айтымында, бул аянт көп жылдан бери каралбай калган.

«Аянттын кебетеси кетип калган. Аны уулдарыбыздын бири өз каражатына оңдоп баштаганына ыраазычылык билдиребиз. Бирок, эски сахнаны жана анын артындагы материалдарды алдырып, жаңы стилде жана сапаттуу жасалса жакшы болмок. Эски материалдарды сырдап, үстүнөн жымсалдап эле жаткандай. Биз өзгөрүлгөн аянтты көрө албай жатабыз. Тургундар отуруп эс алуучу жана кооз аянт болуп курулса деген тилегибиз бар», - деди Атабекова.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Айгүл Токтоналиева бул аянт долбоордогу макет боюнча курулуп жатканын билдирди. Курулуш иштерин демөөрчүлөр каржылап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×