Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.09.2019 13:10

Ысык-Көлдө чек араны коргоого даярдык көрүү боюнча машыгуу өтүп жатат

Turmush -  Каракол шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын окутуу борборунда «Заслон-2019» атайын-тактикалык окуусу өткөрүлүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Окууларга Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын кургактагы аскерлеринин бөлүктөрү, ИИМ, ӨКМ, Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык органдары, ошондой эле чек ара бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Окуунун башкы максаты чек арада кырдаал курчуган учурда мамлекеттик органдар менен бирдиктүү иш алып барууну жакшыртуу жана ага даярдык көрүү болуп саналат. Ага катышып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү чек арага жакын аймактарда өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда алардын алдында кандай тапшырмалар турганы жана аткарыла турган иштер тууралуу кеңири түшүнүк алышты. Анда Мамлекеттик чек ара кызматынын карамагында болгон техникалар менен куралдар көрсөтүлдү.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Курманбек Исаковдун айтымында, окуунун катышуучулары реалдуу шарттарга өтө жакын болгон окуулардын сценарийин иштеп чыгышты.

«Мындай окуулардын натыйжасында мамлекеттик чек араны кайтаруунун натыйжалуулугун арттырат жана республикабыздын чек ара коопсуздугун жакшыртат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×