Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 18.09.2019 11:57

Ысык-Көлдө 1 млн сомго контейнерден көпүрө курулууда. Тургундар эмнеге нааразы?

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунун Бирлик айылындагы Түп суусуна мал айдап өтө турган көпүрө курулуп жатат. Айыл тургундары анын курулушундагы мүчүлүштүктөрдү айтып нааразы болууда.

Жергиликтүү тургун Мирлан Иманалиевдин айтымында, Түп суусу жазында катуу кирет. Ошого карабай, эки контейнер менен көпүрө салынып жатат.

«Айылдан жайытка кетүүчү жолго 2 контейнерди улап, алдына 9 бетон шакекче коюп, мал айдап өтүүгө ылайыкталган көпүрө орнотуп жатышат. Бул көпүрө жасалып бүтөрү менен суу кирсе аны алып кетет. Көпүрө бир айга дагы жетпейт. Ошол учурда мал-жандык же адамдар өтүп бара жатып, бир нерсе болсо ким жооп берет. Суу катуу киргенде 2-3 метр көтөрүлөт. Бул көпүрөлөр ага туруштук бере албайт», - дейт ал.

Анын айтымында, жергиликтүү жаштар көпүрөнүн курулушу менен таанышкан.

«Орнотулган бетон шакекчелер жакшы бекиген эмес. Эки контейнерди бири бирине аз гана жерден ширетип коюшкан. Ал контейнердин алды шифер, аны суу каптаса чирип баштайт», - деди ал.

Мындан тышкары, ал көпүрөнү курууга жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом сарпталганын айтып, дагы 1 млн сом сурап жатышканына нааразы экенин билдирди.

Бул маселе боюнча бүгүн тургундар менен Түп айыл өкмөтүнүн башчысы жолукмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×