Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Нарын облусу, Нарын 18.09.2019 11:45

Нарында өрт-куткаруу бөлүмүндө ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

Turmush -  Нарын шаардык жана Нарын райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери мектеп окуучулары менен мугалимдер үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Ага №1 жана №4 орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары жана мугалимдери катышты. Республиканын аймагында 5-сентябрдан 5-октябрга чейин «Тобокелчиликтердин санын азайтуу» боюнча бир айлык жарыяланган. Анын алкагында мектептерде жана окуу жайларда тушүндүрүү иштери жүрүп жатат. Анда өрттүн алдын алуу боюнча маалыматтар берилип, колдонулуучу шаймандар тааныштырылды. Ошондой эле видеороликтер көрсөтүлдү.

Өткөн сегиз айда 27 өрт кырсыгы катталып, 2 миллион сомго чукул чыгым болгон. Ошол эле учурда куткаруучулардын ыкчам аракетинен улам 14 миллион сомдук ар кандай материалдык баалуулуктар сакталып калган. 257 жолу лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×