Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Баткен облусуБаткен району 18.09.2019 11:14

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Turmush -  Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чек ара тилкесинде жалпысынан 5 өткөрүү жайы иштейт. Анын ичинен төртөө күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Ал эми «Кулунду унаа жол» көзөмөл өткөрүү жайында 17-сентябрда тажик тарап Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон. Үчүнчү өлкөнүн жарандары болсо бул өткөрүү жайынан эч кандай чектөөсүз өтө алышат. Учурда чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачыларынын сүйлөшүүлөрү уланууда.

Чек арадагы ок атышкан окуялардын чоо-жайын бул шилтемеден окусаныз болот.

Кечээ, 17-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусу өткөн. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында курал колдонулган окуясына байланыштуу кырдаалды талкуулашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×