Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.09.2019 10:47

Кыргызстандык спортчулар Индиядагы Азия чемпионатта чемпион болушту

Turmush -  Индиянын Нью-Дели шаарында 13-15- сентябрь күндөрү самбо боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда Кыргызстандын 4 спортчусу чемпион болду.

Машыктыруучу Кулунбек Эстебесовдун айтымында, 4 спортчунун үчөө Ысык-Көл облусунан барган.

«Мен чемпион болгон спортчуларды 10 жылдан бери машыктырам. Алардын ичинен Батырбеков Аман 48 кг салмактык категория боюнча катышып, 1-орунду багындырды. Уланбеков Феликс 62 кг салмактык категория боюнча мелдешип, 1-орунду ээледи. Ал эми Сартов Алай 74 кг салмактагы балбандар менен күрөшүп, 3-орунду камсыздады. Учурда үчөө тең студент», - деди К.Эстебесов.

Ошондой эле, Чолпон-Ата шаарынан барган спортчу Сыймык Жапаров 100 кг салмактык категория боюнча катышып, чемпион аталды. Ошондой эле, спортчу Белек Бараканов 3-орунду камсыздаган.

Ал эми Ак-Суу районунун Жаңы Арык айылынан барган Рысбек Абдыманапов 57 кг салмактык категория боюнча катышып, 2-орунду, Мусак уулу Колбай 52 кг салмактык категория боюнча катышып, 3-орунду ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×