Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 18.09.2019 10:11

Кар жааган жайлоодо калган чүйлүк малчылар 1200 баш кой, 65 жылкы менен аман-эсен көчүрүлдү

Снег в Суусамырской долине
Снег в Суусамырской долине

Turmush -  Кечээ, 17-сентябрда саат 07:00 чамасында Каракол ашуусунун жайлоосунан Ысык-Ата районунун малчылары көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМдин куткаруучулары 16-сентябрь күнү Кочкор району тараптан Кегети ашуусуна чейин барышып, Кочкор районунун Кара-Мойнок айылында түнөп калышкан. Кечээ аларга Ысык-Ата районун Чоң-Далы айылынын Жаныбек аттуу тургуну 700 баш кой, 40 жылкы, 20 уюн, Акылбек аттуу тургун 500 баш коюн жана Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл өкмөтүнүн Абай аттуу тургуну 25 баш жылкысын айдап келе жатканда Каракол ашуусунан жолукту. Ден соолуктары жакшы, мал-жандыктары өлгөн эмес. Алар 18-сентябрда Кегети ашуусу менен Чүй тарапка өтүшөт. Кегети ашуусунун жолдору ачык.

Каракол жайлоосунда дагы 4 короо кой калган. Алар 20-сентябрда түшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×