Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 18.09.2019 09:24 На русском

Ысык-Атанын чабандары ашуудан түшүштү

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун чабандары мал-жандыктары менен аман-эсен ашуудан түшүштү. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

«14-сентябрь күнү малчыларды издөө үчүн аким Байыш Курманов Кегети ашуусуна барып, чабандар менен жолугуп келди. ӨКМдин кызматкерлери азыр дагы ошол жерде. Чабандарга тамак-аш берип жатышат. Малчылар ашуудан аман-эсен өтүп алышты. Алар дрондун жардамы менен дагы изделген», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

16-сентябрда чабандардын жана мал-жандыктардын санын аныктоо үчүн ӨКМдин Ысык-Ата өрт-куткаруу бөлүмүнүн ыкчам тобу Нарын облусунун Кочкор району тараптан Кегети ашуусуна чейин барып, 1 чабан 68 баш жылкысы менен коопсуз жерге түшкөнүн аныкташкан. Мындан сырткары Каракол жайлоосунда болжол менен 3 чабан мал-жандыктары менен калгандыгы тууралуу маалымат алышкан. Кеч киргендигине байланыштуу ыкчам топ Кочкор районунун Кара-Мойнок айылында түнөп калышкан. 17-сентябрь күнү саат 07:00дө Каракол ашуусунан чыгып, Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылынын тургуну Жаныбек 700 баш кой, 40 жылкы, 20 уй, ушул эле айылдын тургуну Акылбек 500 баш кой жана Юрьевка айыл өкмөтүнүн тургуну Абай 25 баш жылкысын Каракол ашуусунда айдап келе жаткан жеринен жолуктурушкан.

«Ден соолугу жакшы, мал-жандыктары өлгөн эмес. Бүгүн, 18-сентябрда Кегети ашуусу менен Чүй тарапка өтүшөт. Кегети ашуусунун жолдору ачык. Малчылардын маалыматы боюнча, Каракол жайлоосунда дагы 4 короо кой калган. Алар 20-сентябрда түшөт», - деп билдиришти ӨКМдин басма сөз кызматы.

Тема боюнча: Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда (сүрөт)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×