Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.09.2019 18:45 На русском

15 жаштагы Нурдана 5 күндөн бери дайынсыз (сүрөт)

Turmush -  15 жаштагы Нурдана Райымжанова 5 күндөн бери дайынсыз. Бул тууралуу анын апасы Миясархон Байбубаева билдирди.

Анын айтымында, кызы Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылындагы М.Разаков атындагы мектеп-интернатынын 9-классынын окуучусу.

«Өзүм учурда Россияда эмгектенем. Кызым Райымжанова Нурдана Темирбаевна 2004-жылы Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында туулган. 12-сентябрь күнү мектеп-интернаттан саат 16:00-17:00 чамасында чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып барган эмес. Дайынсыз жоголгонуна 5 күн болду», - дейт М.Байбубаева.

Өзгөчө белгилери: бою 150-155 см, чачы кара.

Кийген кийими: көк түстөгү футболка, көк түстөгү жинсы шым, ак түстөгү бут кийим.

Апасы бүгүн, 18-сентябрда Кыргызстанга учуп келерин айтты.

Нурдананы көргөн-билгендер болсо 0554 545 271 (ата-энеси) телефон номуру же 102 кызматы аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×