Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Баткен облусуБаткен району 18.09.2019 08:52 На русском

Видео — Өкмөттүн өкүлү А.Мадумаров Баткен облусундагы кырдаал тууралуу

Полномочный представитель правительства Акрам Мадумаров
Полномочный представитель правительства Акрам Мадумаров
// Turmush

Turmush -  Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу кечээ, 17-сентябрда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, чек арадагы чыңалуу толугу менен басыла элек. 16-сентябрдагы окуялар укук коргоо органдары тарабынан тергелет. Учурда Баткен облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.

Андан тышкары А.Мадумаров чек арадагы атышуудан жаракат алып, Исфана шаарындагы ооруканада дарыланып жаткан 2 бейтаптан кабар алды. Дарыгерлердин айтымында, Баткен районунун Самаркандек айылынын 1992-жылы туулган тургуну Курбанов Кубанычтын башына операция жасалып, абалы турукташууда. Операцияны Ош шаарынан чакырылган 2 нейрохирург жасашкан. Облус башчысы жаракат алгандарга бардык тиешелүү медициналык жардамдардын көрсөтүлүшүн өзү да көзөмөлгө аларын билдирди.

16-сентябрь күнү кечинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал курчуган. Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасындагы аймакта саат 19:00-19:40 чамасында ок атылган. Окуя болгон жерге тез жардам унаасы жөнөтүлгөн.

Тажик тарап «Максат» чек ара бекетинин байкоочу мунарасын гранатомет менен аткылап, ал күйүп кеткен.

Село Максат Кулундинского айыл окмоту

Аталган ок атышуулардан 1 чек арачы каза болду. Ал «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери, прапорщик Равшан Муминов экендиги, артында апасы, жубайы жана 3 баласы калгандыгы айтылган.

Тажик тарап биринчи Кыргызстандын Максат айылындагы чек ара бекетин жана убактылуу коюлган Лейлек районундагы Сай чек ара бекетин аткылаган.

Саат 20:00 чамасында Максат айылында болгон ок атышуудан улам 4 чек ара кызматкери, Максат айылынын 6 тургуну, анын ичинен 1 жаш бала (2005-жылы төрөлгөн) жаракат алышкандыгы кабарланган. Каза болгон чек арачы №2021 чек бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөнү такталган. Жабыркагандар ошол замат тез жардам аркылуу Кулунду жалпы дарыгерлер-практикалык борборуна жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн соң Лейлек аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн.

Андан кийин КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы түзүмдүн төрагасы Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскеринин башчысы, генерал-полковник Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн маалымдаган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен саат 21:30да ок атышуу токтогондугу кабарланган.

17-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 14 адам жаракат алып, алардын бирөөсү (чек арачы) ошол жерде каза болгондугун кабарлап, жаракат алгандардын тизмеси менен тааныштырган. Ошондой эле 13 адамдын ичинен ону Баткендеги аэропорттон Бишкек шаарына жөнөтүлгөн.

Окуянын толук хронологиясы бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×