Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 18.09.2019 08:18

Видео — Ошко түркиялык режиссёрлор келишти

Turmush -  Ош шаарына түркиялык кинорежиссёрлор келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 17-сентябрь күнү «Ош» эл аралык аэропортунда Түркиядан «Түрк тасмаларынын жумалыгы» фестивалына келген конокторду Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин кызматкерлери салтанаттуу тосуп алышты.

«Түрк тасмаларынын жумалыгы» фестивалы «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» салтанатынын алкагында уюштурулган. Ош шаарына Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат дагы келген.

17-сентябрдан 19-сентябрга чейин созулган фестивалда Ош шаарындагы 2 кинотеатрда бир нече түрк тасмалары көрсөтүлөт. Кечээ, 17-сентябрь күнү саат 17:00дөн 17:30га чейин «Семетей» кинотеатрында фестивалдын ачылыш аземи өткөнүн Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Максатбек Орозалиев билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×