Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 17.09.2019 21:34

Чек арадагы ок атышуу: Максат айылынын тургундары окуянын чоо-жайын айтып беришти. Видео

Жители села Максат Лейлекского района
Жители села Максат Лейлекского района

Turmush -  Кечээ, 16-сентябрда Лейлектин Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, бир нече адамдар жаракат алып, Бишкектеги ооруканага жеткирилди. Аймактык кабарчы элеттиктерден окуянын чоо-жайын сураштырды.

Максат айылынын Рустам аттуу тургуну ок атышуу саат 19:00дон өткөндө башталганын билдирди.

«Снаряддар үйлөргө, чарбактарга түштү. Тажик тарап гранатомет, миномет, пулемет, бардык куралдан ок чыгарышты. ӨКМ аялдарды, жаш балдарды коопсуз жерге алып кетти. Өзүбүз ушул жерде калдык», - деди ал.

Максат айылында 20 жылдан бери жашаган Сатарова Гүлайым кошунасынын жертөлөсүнө жашынгандыгын белгиледи.

«Жумушта болчумун. Үйгө келгенде тынч болчу. Бир маалда жолдошум «чыккыла» деп терезени тыкылдатып калды. Адырдагы кошунабыздын үйүнө бардык. Ошол жерде отурсак саат 19:30 чамасында ок атылды. Кошунабыздын жертөлөсүндө жашынып отурдук. Адырга качкандар болду. Алдыбыздан октор учту, ушунчалык корктук. Балдарыбыз дагы аябай коркуп калышты. Бүгүн үйүбүзгө келдик. Жолдошумдан 10 метр алыстыктан бир нерсе жарылды. Ага ошонун бөлүктөрү тийиптир. Операция жасалыптыр, ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Туугандарым ошол жакта. Ал жакка балдарым менен бара алган жокмун.

Эски-Оочуда мектептин директорунун үйүндө болдук. Азыр аскерлер турат. Алар үйүбүздө жашай бергиле дешти. Үйүбүздү таштап кете албайбыз. Өкмөттөн, президенттен чек арабызды тосуп, шарт түзүп беришин суранабыз», - деди ал.

Буга чейин Кулунду айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Өскөнбай Ташбалтаев кечээ, 16-сентябрда Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылындагы чек арада ок атышуудан кийин аялдар менен жаш балдар коңшу айылдарга көчүрүлгөндүгүн билдирген.

Анын айтымында, Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски-Оочу айылындагы А.Момунов атындагы орто мектебине 167 адам, Раззаков айылына 8 адам жеткирилген.

«Кечээ ок атышуулардан кийин Максат айылындагы тургундар өз үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө мажбур болду. Алар менен сүйлөшүп, 167 адамды Эски-Оочу айылындагы мектепке, 32 адамды Булак-Башы айылына, 8 адамды Раззаков айылындагы бала бакчага жайгаштырдык. Кечээтен бери эл арасында тынчтыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бүгүн абал тынч. Кыргызстандын премьер-министри М.Абылгазиев келип, Максат айылынын тургундары менен жолугушту. Премьер-министр М.Абылгазиев келип, жашоочулардын көйгөйүн укту. Өкмөт алардын айткандарын эске алат деген ойдомун», - деген ал.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Лейлек районундагы Максат айылынан 700 киши эвакуацияланды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Жергиликтүү бийлик тарабынан жөнөкөй жарандарды эвакуациялоо иштери жүргөн эмес. Кечинде жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү коопсуздук үчүн жакынкы айылдардагы туугандарыныкына өздөрү кеткен. Алар негизинен аялдар, кары-картаңдар жана балдар. Эртең менен айылдыктар өз үйлөрүнө кайра кайтып келе башташкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жергиликтүү мектептин имаратына түндө 128 адамкелсе, эртең менен мектепте 90 адам калган. Мамлекеттик чек ара кызматынын 1 аскери каза болду. 13 киши ар кандай жаракат алды. Алардын ичинен жетөө аскер кызматкери, алтоо жөнөкөй жаран. Баткен облусунан Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна аскердик авиациянын жардамы менен 10 бейтап жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×