Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 17.09.2019 21:15

Баткендеги чек арада болгон окуялар боюнча кылмыш иш козголду

Полномочный представитель правительства Акрам Мадумаров
Полномочный представитель правительства Акрам Мадумаров
// Turmush

Turmush -  

Бүгүн, 17-сентябрда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу турукту. Бул тууралуу облус жетекчиси Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, чек арада чыңалуу дагы эле сакталып турат. 16-сентябардагы окуялар боюнча укук коргоо органдары иш алып барат. Учурда Баткен облустук прокуратурасы кылмыш иш козгоду.

А.Мадумаров ок атышуудан жаракат алып, Исфана шаарындагы ооруканада жаткан 3 адамдан кабар алды. Дарыгерлер башынан жаракат алган Баткен районунун Самаркандек айылынын 1992-жылы туулган тургуну К.К.га операция жасалып, абалы турукташа баштагандыгын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×